«ФорДрэгонс» ЖАК Финкөзөмөлгө көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет жана лицензиясынын кайра жандануусун жарыялайт

«ФорДрэгонс» ЖАК Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына (Финкөзөмөл) кыйын мезгилде компанияга көрсөтүлгөн тез колдоо жана кесипкөй жардам үчүн терең ыраазычылык билдирет.

2025-жылдын 18-апрелиндеги № 180-п буйругу менен Финкөзөмөл «ФорДрэгонс» ЖАКтын мурда убактылуу токтотулган виртуалдык активдер менен алмашуу операторунун лицензиясын (ВА сериясы № 0068, каттоо № 61, 2023-жылдын 30-ноябры) кайра жандантканын расмий ырастоого кубанычтабыз.

Бул чечим биздин толук кандуу иш-аракетибизди кайра калыбына келтирүүгө маанилүү кадам болуп саналат жана компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толугу менен шайкеш иштеп жатканын тастыктайт.

Финкөзөмөлгө дагы бир жолу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биргелешкен аракеттер менен адилеттүүлүктү гана калыбына келтирбестен, каржы рыногун жана айлана-чөйрөнү тазалоого салым кошуп, коомго пайда келтиребиз деп ишенебиз.

Урматтоо менен, «ФорДрэгонс» ЖАК Кулошвили Ника

Кыргыз Республикасындагы өкүлдүн телефону: +996 551 807 066, адвокат Нурлан Мамбеталиев

[email protected]

Made with